Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

"Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын депутаты Улан Примов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды

20-12-2022
16:46

Бүгүн, 2022-жылдын 20-декабрь күнү Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын депутаты  Улан Примов Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар тууралуу сөз кылып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелерди талкуулашты.

Депутат Улан Примов Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда мамлекеттер аралык мамилелердин бекем пайдубалы түптөлүп, кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгиледи.

“Албетте, саясий диалогдун мындай жогорку деңгээлде кармалып турушунда мамлекет башчыларынын ролу өзгөчө. Кыргыз тарап Казакстан Республикасы менен калыптанган стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар”, - деди Улан Примов.

Ошондой эле Кыргызстан эки өлкөнүн ишкерлери жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, соода тармагындагы тоскоолдуктарды жоюуну, товарлардын эркин өтүшүн камсыз кылууну жана кыргыз-казак чек арасында туруктуулукту сактоону жактаарын кошумчалады.

“Кыргызстанда жана Казакстанда өндүрүлгөн товарлар алыскы чет өлкөлөрдөн алынып келинген импорттук продукциядан айырмаланып, эки өлкөнүн ички рыногунда артыкчылыкка ээ болушу керек”, - деди комитет төрагасы.

Өз кезегинде Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев кыргыз-казак кызматташтыгынын алкагында белгиленген пландар жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып берди. Андан тышкары элчи казак тарап парламенттер аралык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.