Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» пакрламенттик фракциясынын депутаты Медербек Саккараев Чүй облусунун тургундары менен алгачкы онлайн конференция өткөрүштү

23-12-2022
16:34

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» пакрламенттик фракциясынын депутаты Медербек Саккараев Чүй облусунун тургундары менен биринчи онлайн конференция өткөрүштү

Депутат менен онлайн-конференцияга Чүй облусунун тургундары, анын ичинде жергиликтүү кеңештердин депутаттары, коммерциялык эмес уюмдардын, бизнес түзүмдөрдүн, коомдук бирикмелердин, улуттук диаспоралардын жана башкалардын өкүлдөрү катышты. Жыйында спорт инвентарлары, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү, аялдардын ден соолугун сактоо, жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо көйгөйлөрү (балык чарбаларын жана мал жаюуларын өнүктүрүүгө байланыштуу) жана башка маселелер каралды.

Депутат Медербек Саккараев шайлоочулар менен мындай онлайн жолугушуулар жарандарга өздөрүнүн көйгөйлөрү тууралуу маалымат берүүгө кошумча мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгилешти. Депутат шайлоочулар менен мындай жолугушуулар ыңгайлуу жана суроо-талапка ээ экенин, алар орун алган көйгөйлөрдү жеринде тез арада аныктоого жардам берерин белгилешти. Өз кезегинде Чүй облусунун тургундары мындай онлайн жолугушууларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка депутаттары менен үзгүлтүксүз өткөрүү каалоолорун билдиришти.

Онлайн-видеоконференциянын жыйынтыгы боюнча депутат шайлоочулар менен мындан ары да ушул форматта кварталына бир жолудан кем эмес жолугушууларды улантууну чечишти.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты менен Чүй облусунун тургундарынын онлайн жолугушуусу «Жарандык демилгелер» коомдук фонду тарабынан уюштурулган.