Түз
эфир
Жогорку Кеңешин депутаты Айбек Маткеримов Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу Чөкө-Дөбө айылына курула турган жаңы окуу борборунун пайдубалына капсула салды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, курулушка демөөрчүлүк кыла турган "Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын" өкүлү, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты.
Курулушка айыл өкмөт тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилген. Анда 200 орундуу мектеп, мечит, ФАП жана дүкөн салынаары пландалууда.
Курулуш жайы жергиликтүү жашоочулардын муктаждыктарын эске алуу менен тандалганы белгиленип, комплексттин курулушу аяктаса, башка айылга барып билим алып жаткан окуучулар үчүн ыңгайлуу шарт жаралаары айтылды.