Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаты Шайлообек Атазов  Жапалак айыл аймагындагы  бала бакчанын ачылышына катышты

26-12-2022
16:11

Бүгүн, 24-декабрда Жапалак айыл аймагындагы Арек айылында 120 орундуу жаңы бала бакча ишке кирди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаты Шайлообек Атазов кесиптеши Айбек Осмонов ошондой эле жергиликтүү бийлик  өкүлдөрү катышты.

Депутаттар жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, алгач Айбек Осмонов сөз сүйлөп бала бакчанын курулушуна токтолду. «Жаңы пайдаланууга берилген бала бакчаны  2017-жылдары демилгелеп, ошол кездеги шаар мэри колдоого алып, шаардык бюджеттен 25 милиондун тегерегинде акча каражаты бөлүнүп, курулуш иши башталган. Бүгүнкү күнү ишке кирди», - деди.   

Мындан тышкары депутат Шайлообек Атазов: «Мындан ары да Айбек Осмоновдун демилгеси менен  2023-жылга   №35 Жоро Атабаев жана №37 Гапар Айтиев атындагы мектептердин окуу корпустарын куруу планы боюнча маселе көтөрүп бюджетке киргизүүнү сүйлөшүп жатат», - деди сөз сүйлөп.

Эки депутат биргеликте аталган айылдын жол жана газ маселесин чечүүнү колго аларын өз сөзүндө билдиришти.

Андан ары депутаттар келе жаткан жылга жаңы куруу планына киргизилип жаткан №35 Жоро Атабаев жана №37 Гапар Айтиев атындагы мектепке барышты.