СДПК парламенттик фракциясынын 2015-жылдын 25-декабрындагы жыйынынын күн тартиби

Убактысы жана орду: 2015-жылдын 25-декабры, саат 10.00, Чоң Сүйрү зал

1. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) кызмат ордуна СДПК парламенттик фракциясынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2015-жылдын 19-августундагы токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Баяндамачылар:

Кожошев Арзыбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика министри;

Осмонов Замирбек Бабакулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.

3. Ар-түрдүү маселелер.