Карамат Орозова:Эмгек мигранттары үчүн маалыматтык колдоону күчөтүү зарыл

06-02-2018 10:43

2-февралда КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу жана  калктын иш менен камсыз болуусу, ошондой эле ички жана тышкы эмгек миграциясын көзөмөлгө алуу маселесин карашты. 

Талкуунун жүрүшүндө, КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Карамат Орозова миграция тармагын көзөмөлдөгөн тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан чет мамлекетте эмгектенип жүргөн жарандардын укуктары жетишсиз деңгээлде корголуп жаткандыгын билдирди.

Депутаттын айтымында, чет жакта жүргөн эмгек мигранттар ченемдик укуктук мыйзамдар тууралуу кабары жок болгондуктан, көпчүлүк учурда ал жактагы жумуш берүүчү тарабынан жапа чегип келишет.

“Мына силер канча Кыргызстандыкка айлык маянасын алып бергендигиңер тууралуу маалымат берип жатасынар. Андан көрө биздин жарандарды мындай абалдан сактай турган чараларды көрсөңөр жакшы болбойт беле? Ушуга байланыштуу эмгек мигранттар өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин жетишээрлик деңгээлде билүү үчүн маалыматтык жардам көрсөтүүнү жакшыртышыбыз керек.”, - деди депутат Карамат Орозова.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 184