Осмонбек Артыкбаев өкмөткө адам  капиталын башкаруучу программа иштеп чыгууну сунуштады

06-02-2018 10:45

2-февралда КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу жана  калктын иш менен камсыз болуусу, ошондой эле ички жана тышкы эмгек миграциясын көзөмөлгө алуу маселесин карашты. 

Талкуунун жүрүшүндө депутат Осмонбек Артыкбаев эл аралык эмгек рыногунда жыл сайын атаандаштык күчөп, тилеке каршы кыргызстандык жарандар жогорку стандарттарга жана талаптарга жооп бербей жаткандыгын айтты.

Ушуга байланыштуу, депутаттын айтымында кыргыз өкмөтү натыйжалуу адам ресурстарын башкаруучу система иштеп чыгышы керек.

Ошондой эле, депутаттын айтымында азыркы учурда калкты иш менен камсыз кылуу тармагында, учурдун  талабына ылайык адистерди даярдоо жана ишке орнотуу боюнча  узак мөөнөттүү программаларды иштеп чыгуу эң башкы милдеттердин бири.

Мындан тышкары, глобалдаштыруу шарттарында кыргызстандыктардынтарыхый мекенименен байланышын кармап туруу максатында, кош жарандуулук системасын киргизүүгө өзгөчө маани бериш керек. 

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 263