Аида Касымалиева: Мамлекеттик жөлөкпул көп адамдар үчүн жакырчылыктан чыгуу үчүн мүмкүнчүлүк

12-02-2018 17:46

КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Чүй облусунун Беловодск айылындагы оор турмуштук абалда калган аялдар жана балдар борборуна барып кайтты.

Оор турмуштук абалда калган аялдар жана балдар үчүн түзүлгөн бул кризистик борбор жергиликтүү жашоочу Рыскан Молдакунованын күчү менен ачылган.

“Башында Рыскан Молдакунова балдарын багалбай калган же талаа жумуштарында иштеп кыйналгандарды өзүнүн үйүндө кабыл алчу. Кийинчерээк аялдарга ар тараптан жардам бере турган кризистик борбор ачууну чечкен”, - дейт Аида Касымалиева.

Депутаттын айтымында, кризистик борбордогу аялдардын көбүнүн көйгөйү – бул жөлөк пул маселеси. Ошондой эле жумуш табуу маселесинде да кыйналып келишет.

“Бүгүнкү күндө борбор  каражат маселесинен кыйналып ар дайым муктаж болуп турат. Аялдардын айтымдарында,  ар кандай техникалык тармактардагы бекер курстар болсо жакшы жардам болмок. Ошондой эле алар чакан ишкердикке да кызыгышат. Мисалы, бир нерсе тигип же нан бышырып  сатканга. Бул үчүн алар ун, тигүүчү машина алышы  керек. Мындан тышкары, борбордо уйлар болгондо, сүтүн саап ичип, тамак ашка бир аз болсо да үнөм  болот эле”,- дейт эл өкүлү.  

Сөзүнүн аягында депутат оор абалда калган жарандарыбызга мамлекет тарабынан жөлөкпул берип турсак, бир аз да болсо каражат маселеси чечилмектигин  белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Көрүүлөрдүн саны : 127