А.Алтыбаева: Артыкчылыктардан баш тартуу – олигархтык парламенттин пайда болушун шарттайт

     Артыкчылыктардан баш тартуу парламенттин буга чейинки жетишилгендерин жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке бюджеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүн, жаштарды тартууга бөгөт коёт. Бул тууралуу ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева «КР Жогорку Кеңешинин депутатынын макамы жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

    «Эки революцияны ишке ашырып,  эки үй бүлөлүк-кландык башкаруудан арылгандан кийин 2010-жылы жалпы элдик референдум аркылуу Башмыйзамга нормалар киргизилип, ага ылайык ЖК депутаты болуп 21 жашка чыккан, шайлануу укугуна ээ  КР жараны депутат боло алат. Ошондон кийин парламентке жаштар, кесипкөйлөр, капчыгы калың эмес, кандайдыр саясий топтордун алдында милдеттенмелери жок  мекенчилдер келишти», - деди Айнуру Алтыбаева.

    Эл өкүлүнүн белгилөөсүндө,  эгерде мыйзам долбоору кабыл алынчу болсо,   анда келерки чакырылышта  бай, капчыктуу адамдар гана депутат болуп келишет.

    «Мыйзам долбоору Бишкекте батири бар, жардамчы, консультант, айдоочуну кармай алган капчыктуу адамдардын депутат болуп келишин шарттайт. Тагыраак айтканда, мыйзам долбоору түз эле олигархтык парламентти түптөп, шайлоочулардын Жогорку Кеңешке болгон ишенимин азайтууга алып келет», - деди ал.

    Жыйынтыгында депутат кесиптештерин эски үй бүлөлүк-кландык башкарууну жокко чыгарып, парламенттик демократияны өнүктүрүү багытында иш алып барууга чакырды.

    СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы