СДПК парламенттик фракциясынын 2016-жылдын 17-июнундагы жыйынынын күн тартиби

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

СДПК парламенттик фракциясынын жыйнынын

КҮН ТАРТИБИ

2016-жылдын 17-июну саат 10.00 

Чоң Сүйрү залы

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы №48 токтому менен жактырылган «Гродно шаарында 2014-жылдын 8-сентябрында кол коюлган «Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар» товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы:

Кожошев Арзыбек Орозбекович,

Кыргыз Республикасынын экономика министри.

 

Чакырылгандар:

Сулайманов Азамат Талапбекович,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-июнундагы №309 токтому менен жактырылган «2016-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору боюнча көп тараптуу трасстык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы:

Керималиев Жаныбек Калканович,

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы №301 токтому менен жактырылган «2015-жылдын 16-октябрында Казахстан Республикасынын Бурабай кыштагында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы:

Боронов Кубатбек Айылчиевич,

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы №303 токтому менен жактырылган «Темир жол транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы:

Айдаров Замирбек Казакбаевич,

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри.

 

Чакырылгандар:

Ногойбаев Алмазбек Бердибекович,

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.А.Скрипкина, Н.К.Макеев, А.Артыков, Н.К.Алимбеков, А.А.Шадиев, А.У.Жапаров, Д.Д.Бекешев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы:

Скрипкина Галина Анатольевна,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

6. Депутат Жылкыбаев Узарбек Казиевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин курамына киргизүү жөнүндө.

Баяндамачы:

Омуркулов Иса Шейшенкулович,

СДПК парламенттик фракциясынын лидери.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүү тууралуу Кырыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кесиптик бирлигинин бириккен комитетинин төрагасынын кайрылуусу жөнүндө.

Баяндамачы:

Омуркулов Иса Шейшенкулович,

СДПК парламенттик фракциясынын лидери.

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин СДПК парламенттик фракциясынын Катчылыгынын башчысынын кызмат ордуна дайындоо жөнүндө.

Баяндамачы:

Омуркулов Иса Шейшенкулович,

СДПК парламенттик фракциясынын лидери.

 

9. Ар-түрдүү маселелер.