2016-жылдын 18-мартында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын кезектеги отурумунун күн тартиби

Күнү: 2016-жылдын 18-марты

Убактысы: саат 10.00

Орду: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши, 7 кабат. Төраганын сүйрү залы.

 

  1. Бишкек шаарында 2015-жылдын 8-июнунда кол коюлган “Нарын шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну жана Бишкек шаарында 2015-жылдын 23-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Нарын шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

Демилгечи: КР Өкмөтү (2016-жылдын 18-февралындагы №94 токтом)

Баяндамачылар: Кыргыз Республикамынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору - Мамбетов Турдубек Мамбетович

Мамкурулуштун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо департаментинин директору - Токтошев Аскарбек Сулайманович

 

2.     Бишкек шаарында 2015-жылдын  8-июнунда кол коюлган “Баткен шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну жана ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын Атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, “Таза-Суу” муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө  макулдашууну ратификациялоо тууралуу

Демилгечи: КР Өкмөтү  (2016-жылдын 18-февралындагы №77 токтом)

Баяндамачылар: Кыргыз Республикамынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору -  Мамбетов Турдубек Мамбетович

Мамкурулуштун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо департаментинин директору - Токтошев Аскарбек Сулайманович

 

  1. «Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар» товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору

Демилгечи:КР Өкмөтү (2016-жылдын 2-февралындагы №48 токтом)

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын экономика министри -Кожошев Арзыбек Орозбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы -Осмонов Замирбек Бабакулович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы -Жунусов Адамкул Орокеевич

 

  1. Кыргыз Республикасында ипотекалык кредит берүү механизминин толук кандуу иштөөсүн камсыздоо, ошондой эле, ипотекалык кредитти социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине, аскер кызматчыларына, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге  "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому тарабынан ипотека кредит берүүдө: 10 пайыздан көп эмес, 20 жылдан узак убакытка жана алдын ала төлөөнү жокко чыгаруу маселесин кароо.

Демилгечи: КР ЖК Депутаты Джумабеков Дастанбек Артисбекович

Баяндамачылар: Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директору Жээнбаева БактыгульЖаныбековна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматы

Муканбектов Санжар Турдукожоевич

 

  1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” Мыйзамынын концепциясын кароо

Демилгечи: КР ЖК Депутаты Джумабеков Дастанбек Артисбекович

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри Базарбаев Кудайберген Базарбаевич

Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешович

Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун төрагасы Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич

 

  1. Ар кандай маселелер

 

 

 

«Кыргызстан» парламенттик

фракциясынын Лидери

 

                                         К. Исаев