Жогорку Кеңештин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын Нооруз майрамы менен куттуктоосу

22-03-2019 14:35

Урматтуу мекендештер!

“Бир Бол” парламенттик фракциясы Сиздерди Нооруз майрамы менен куттуктайт!

Түпкү маанисинде “жаңы күн” дегенди туюндурган, күн менен түн теңелип, жазгы кош айдоо башталган Нооруз чыгыш элдеринин эң байыркы майрамы катары 2009-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий 
мурастарынын тизмесине киргизилген.

Кыргызда бул күндү - Улустун улуу күнү дейбиз. Анын өзүнө гана мүнөздүү ырым-жырымдары бар. Сүмөлөк кайнатылып, жаңы кийимдер 
кийилет, жакшы тилектер айтылат. Жаш-карынын баары чогулуп, улуттук оюн-зоокторду ойношот.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Нооруз майрамында жалпыңыздарга жаздай жаркыраган маанай, бекем ден-соолук каалайбыз! Ар бириңиздердин ой-тилектериңиздер орундалсын!

Көрүүлөрдүн саны : 159