Жогорку Кеңештин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын 1-Май – Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктоосу

13-05-2019 09:32

Урматтуу ак калпак кыргыз эли!

“Бир Бол” парламенттик фракциясы жалпыңыздарды Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктайт!

Бул күн өзгөчө күн. Эмгек майрамы! Улуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин “Адамды адам кылып баккан эмгек” деген керемет саптары бар. Жамгырсыз жер көгөрбөгөндөй эле, эмгексиз эч бир эл өсүп-өнүкпөйт.

Эмгек укугун коргоо мамлекеттин негизги милдети болуп саналат. Жогорку Кеңеш өз кезегинде бул жаатта тиешелүү Мыйзамдарды кабыл алып, элибиздин эркин эмгектенип, эркин коомдо жашоосу үчүн кам көрүп келет.

Маңдай тери, ак эмгеги менен өз бактысын тапкан ар бир мекендешибизди ушул жадыраган жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жалпыңыздарга чың ден-соолук, бакубат жашоо каалайбыз, эмгегиңиздерден баар таап, аман болуңуздар!

Көрүүлөрдүн саны : 135