Жогорку Кеңештин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын 5-май - Конституция күнү менен куттуктоосу

13-05-2019 09:47

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясы кыргыз элин 5-май - Конституция күнү менен куттуктайт!

Адилеттүүлүк, мыйзамдуулук, тартип принциптерине негизделген Баш мыйзамыбыз өлкөнүн негизги багытын аныктоого шарт түздү. Демократиялык жолду тандап алууга, адам укугун сактоого, мамлекеттин саясий, коомдук, экономикалык багытын бекемдөөгө жол ачты.

Негизги мыйзам бүгүн Кыргызстанда туруктуулукту, кыргыз элинде биримдүүлүктү камсыз кылып келет. Конституцияны сыйлап, мыйзамга баш ийип жашоо ар бирибиздин милдетибиз. Мыйзамдуулук үстөмдүк кылган өлкөдө жашоодо баарыбыздын жарандык жоопкерчилигибиз чоң роль ойнойт.

Урматтуу мекендештер!

Бул күн патриоттуулуктун жана мекенибизге болгон сүйүүнүн символу болуп жүрөгүбүздө жашай берсин! Өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук болуп, ар дайым мыйзамдуулук өкүм сүрүп турсун!

Көрүүлөрдүн саны : 133