Жогорку Кеңештин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын 9-май - Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктоосу

13-05-2019 09:49

Урматтуу согуш жана оорук ардагерлери! Кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясы Сиздерди 9-май - Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен чын дилинен куттуктайт!

Бул күн өзгөчө майрам. Жүрөгүбүздө бир чети сыймык, ошол эле учурда өчпөгөн өксүү калтырган Улуу Жеңиш майрамы.

Ата мекени үчүн өлүмдөн да кайра тартпаган аталарыбыз келечек муундун бакубат жана бейпил турмушта жашоосуна кам көрүп, ажалга тике карап, душмандар менен айыгышкан салгылашууда эрдигин көрсөтүп жеңишке жеткени сыймык.

Алааматка Кыргызстандан 365 миң жоокерлерибиз аттанса, алардын 150 миңге жакыны майдан талаасынан кайтпай калып, энелер жесир, уул-кыздар жетим калганы өзөктү өрттөгөн күйүт.

Майтарылбас кайраты менен Улуу Жеңишке жетишкен аталарыбыздын эрдиктери мекенди коргоонун чыныгы үлгүсү болуп калды.

Ал эми биз болсо эли-жеринин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргогон ардагерлерибизди эсибизде түбөлүк сактайбыз. Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго жана оорукта эмгектенгендерге таазим жана түбөлүк даңк!

Кадырлуу мекендештер!

Эч качан, эч бир жерде алаамат согуш өртү жанбасын! Жерибизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, эгемендүү Кыргызстаныбыз бейкуттукта өркүндөп өсө берсин!

Көрүүлөрдүн саны : 133