Жогорку Кеңештин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

11-06-2019 17:05

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясы Сиздерди Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайт!

Мезгилдердин эң ыйыгы жана берекелүүсү болгон, кечиримдүүлүккө үндөгөн, ыйманыбызды бекемдеген Рамазан айы аяктап, Орозо айт майрамы белгиленүүдө.

Бул майрам ар бирибизди кайрымдуу болууга, соопчулук иштерди жасоого чакырат. 

Кадырлуу мусулмандар!

Бир ай бою туткан орозоңуздарды, жасаган кайрымдуулук сооп иштериңиздерди Жараткан кабыл кылган болсун! Сиздердин касиеттүү Рамазан айындагы таза тилектериңиздер орундалсын! Мекенибизде тынчтык, ынтымак, биримдик болсун!

Айтыңар маарек болсун!

Көрүүлөрдүн саны : 135