Жогорку Кеңештин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын Курман айт майрамы менен куттуктоосу

02-09-2019 09:09

Урматтуу кыргыз эли, момун мусулмандар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясы Сиздерди касиеттүү Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайт!

Курман айт – жакшы ниет, аруу тилектер менен коштолгон, адамзатын кайрымдуулукка чакырган мааниси терең майрам.

Ушул күнү мусулмандар курмандык чалып, майрамды асыл ойлор менен өзгөчө белгилешет.

Кадырлуу мекендештер!

Учурда ыйык Мекке шаарында мусулмандык 5 парздын бирин аткарып жүргөн кыргызстандыктардын ажылык сапары байсалдуу болуп, ибадаттары кабыл болсун!

Жерибизде тынчтык, бейпилдик өкүм сүрүп, элибизде ыйман, биримдик болсун!

Курман айтыңыздар маарек болсун!

Көрүүлөрдүн саны : 77