Жогорку Кеңештин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын Кыргызстандын Эгемендик күнү менен куттуктоосу

02-09-2019 09:10

Урматтуу кыргыз калкы!

“Бир Бол” парламенттик фракциясы Сиздерди мамлекетибиздин эң негизги майрамы – Кыргызстандын Эгемендик күнү менен чын дилинен куттуктайт!

Көз карандысыз мамлекет болуу - элибиздин эчен кылымдардан бери көксөөсү болчу. Доор карыткан, эзелтеден эркиндикти сүйгөн кыргыз эли дүйнө тааныган саясий көз карандысыздыкка жетүү үчүн тарыхта эмне деген гана жолдорду басып өтпөдү. Бул күндү көргөн, ага күбө болуп жана жаңы Кыргызстанды куруп жаткан биздин муун абдан бактылуубуз.

Ушул эгемендигибизди колдон чыгарбоо үчүн бизге эң биринчи улут аралык ынтымак, элдердин достугу жана тилектештиги, саясий биримдик керек!

Баардыгыңыздарды 31-август – Эгемендик күнү менен куттуктап, мамлекетибизге тынчтык, элибизге ынтымак, ар бириңиздерге ден-соолук, бакыт-таалай каалайбыз! Мекенибиз өнүгүү жолунан тайбай, гүлдөп-өскөн өлкөлөрдүн катарында болсун!

Көрүүлөрдүн саны : 77