“Бир Бол” фракциясынын лидеринин орун басары Бакирдин Субанбеков Кыргыз Республикасынын Милициясынын 95 жылдык мааракеси менен куттуктады

04-11-2019 17:52

“Бир Бол” фракциясынын лидеринин орун басары Бакирдин Субанбеков Кыргыз Республикасынын Милициясынын 95 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Бүгүн мен кайраттуулук менен каармандыктын, баатырдык менен эрдиктин, тайманбастык менен өжөрлүктүн, өлүм менен тирүүлүктүн тамырын кармаган, кылычтын мизи менен жүргөн, күнбү-түнбү бүткүл өмүрүн, жаркын жаштыгын, мамлекеттин тиреги болгон ички иштер органдарында, милициянын күжүрмөн максаттарын туу туткан миңдеген кесиптештеримди, ардактуу ардагерлерди кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Урматтуу Ички иштер кызматкерлери!

Эл алдында берген ыйык антыңарга бекем туруп, элибиздин жаркын келечеги, мамлектибиздин өнүгүп өсүшүнө, коомдук тартипти сактоого өз салымыңарды кошкула, кызматтык милдетиңерди абийирдүүлук менен аткаргыла!

Учурдан пайдаланып кыргыз милициясынын ардагерлерин, генералдарын, офицерлерди жана катардыгы кызмат өтөгөн эр азаматтарын, курсанттарын жана алардын үй-бүлөлөрүн кыргыз милициясынын 95-жылдык маараке майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, майтарылгыс кайрат, жооптуу ишиңиздерде ийгилик жана ар бириңиздерге үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм!

Эң негизгиси, эл ишенимине ээ болуп, “менин милициям – мени коргойт” деген ыйык сөздү туу тутуп иштешиңерге тилектешмин!”

Көрүүлөрдүн саны : 42