Жогорку Кеңештин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын 7-ноябрь - маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу

13-11-2019 10:21

Урматтуу басма сөз кызматкерлери!

“Бир Бол” парламенттик фракциясы Сиздерди 7-ноябрь - маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!

Өлкөбүздө болуп жаткан окуяларды чагылдырууда маалыматтын тактыгы, ар тараптуулугу, калыстыгы эң башкы орунда болгондуктан сиздердин иши чоң жоопкерчиликти талап кылат. Айрыкча дүйнөдө технология өнүгүп, интернет ааламында ар түрдүү жаңылыктар тарап жаткан кезде так, далилдүү маалыматты коомчулукка жеткирүүдө массалык маалымат каражаттарынын ролу баа жеткис.

Журналисттердин эмгектери менен саясатчылар, бийлик өкүлдөрү, карапайым калк да эсептешет. Коомдук пикирди жаратууда жана бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болууда төртүнчү бийликтин салымы зор.

Урматтуу журналисттер!

Акыйкаттыктан тайбай, чындыкты туу тутуп жараткан эмгегиңиздер ар дайым көрөрмандардын, окурмандардын, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапсын. Чыгармачылык ийгиликтер коштоп, калемиңиздер курчуй берсин!

Көрүүлөрдүн саны : 44