Депутат Наталья Никитенко: «Жогорку Кеӊеш депутаттарынын артыкчылыктардан баш тартуусу – өлкөдө жаӊы жөрөлгөнүн калыптануу жышааны болуп саналат»

02-07-2016 11:17

Депутат Наталья Никитенко: «Жогорку Кеӊеш депутаттарынын артыкчылыктардан баш тартуусу – өлкөдө жаӊы жөрөлгөнүн калыптануу жышааны болуп саналат»

Жогорку Кеӊеш тарабынан өлкөнүн социалдык мекемелерине берилген 23 автомашинанын бирөө гана жараксыз болуп чыккан, калганы толугу менен пайдаланылууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда «Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү» темасында өткөн иш-чара жүрүшүндө белгилүү болду. Парламентаризм күнүнө карата уюштурулган иш-чарага депутаттар Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Талант Мамытов, ошондой эле саясий эксперттер катышты.

Депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеӊеш депутаттарынын автомашина сындуу артыкчылыктардан баш тартуусу – өлкөдө жаӊы жөрөлгөнүн, саясий маданияттын калыптануу жышааны болуп санала турганын баса белгиледи. «Мамлекеттик кызмат адамдары азыр кирешелерин эле эмес, ар жылдык чыгымдарын да ачыкка чыгарып, тополоӊ той-аштарды өткөрүү каадасынан, аргандай ашыкча чыгымдардан баш тарта баштады. Биз мындай демилгелерди колдошубуз керек», - деп кошумчалады эл өкүлү.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Жогорку Кеӊеш ар жылы 4-июнда Парламентаризм күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алган. Ошондон улам, быйыл 4-июнда Парламентаризм күнү алгачкы жолу белгиленет.

Көрүүлөрдүн саны : 2401