Депутат Өмүрбек Текебаев кайрадан чет өлкө жарандыгын алган мурдагы кыргыз жарандарына мүлктү мураска алуусуна мүмкүнчүлүк берүү демилгесин көтөрдү

02-07-2016 11:22

Депутат Өмүрбек Текебаев кайрадан чет өлкө жарандыгын алган мурдагы кыргыз жарандарына мүлктү мураска алуусуна мүмкүнчүлүк берүү демилгесин көтөрдү

Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинде "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун V чакырылыштагы тармактык комитеттин 2014-жылдын 8-декабрында 2-окууда карап жактырган корутундусу күчүндө деп эсептөө жөнүндө” депутат Өмүрбек Текебаевдин кайрылуусу каралып, мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

Депутаттын айтымында, КР Жер кодексине, КР Турак жай кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизе турган мыйзам долбоорун мурдагы чакырылыштагы тармактык комитет экинчи окууда парламенттин кароосуна жиберген. «Жогорку Кеӊештин өткөн чакырылышынын мөөнөтү аяктап калгандыктан, мыйзам долбоору каралбай калган. Азыр ага экинчи окууда кайрылып келүү зарыл», - дейт ал.

Белгилей кетсек, депутат Өмүрбек Текебаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору аркылуу кош жарандуу адамдарга өз ата-энелеринин турак жайлары менен жер үлүштөрүн мураска алуусуна, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү демилгесин көтөргөн. Демилгечи кош жарандуу адамдарга мүлктү мураска алуу укугу жок. Алар кайтып келишсе, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда да иштей албайт.

Көрүүлөрдүн саны : 1369