«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынынын КҮН ТАРТИБИ 15.11.2018

15-11-2018 14:44

Өткөрүлүүчү датасы: 2018-жылдын 16-ноябры

Өткөрүлүүчү убагы: 1000

Өткөрүлүүчү орду: Жыйындар залы, 325-каб. (3-кабат)

 

МАСЕЛЕЛЕР:

 

1. «Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо тууралуу (Кыргыз Республикасында башка өлкөнүн жарандыгын алган мигранттардын кыймылсыз мүлктү жана жер үлүштөрүн сатып алууга болгон укуктары боюнча)

Баяндамачылар: - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы; - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

Маселени

даярдайт: Исаков Н.С. – “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгы

 

2. «2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну («Digital CASA - Кыргыз Республикасы» долбоору) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Баяндамачылар: - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;

Маселени

даярдайт: Исаков Н.С. – “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгы

 

3. Ар түрдүү

Көрүүлөрдүн саны : 733