Бүгүн, 17-июнда «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын көчмө жыйыны "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасына жакын жайгашкан жана "Дордой-2" конуштарынын тургундары менен биргеликте өткөрүлдү.

02-07-2016 11:37

"Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасына жакын жайгашкан жана "Дордой-2" конушунун тургундарына кызыл китептер берилет.
Бүгүн, 17-июнда «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын көчмө жыйыны "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасына жакын жайгашкан жана "Дордой-2" конуштарынын тургундары менен биргеликте өткөрүлдү. Жыйынга "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар, Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери, атайын кызматтары катышты. «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын жанында жайгашкан, 300дөн ашык түтүн жашаган конуштун тургундары менен биргеликте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) тарабынан каржыланган «Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорун жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралу маселе каралды. Адистердин айтымына караганда шаардын четиндеги бул таштанды аянтындагы таштандыларды 1 жылдын ичинде жоготуп, ал жерге парк курулат. Ушул аймакта жайгашкан конуштун тургундарына "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайрылып, санитардык нормаларга ылайык келбегендиктен бул жердеги тургундар кызыл китебин алалышпай жана өздөрүнүн граждандык-социалдык укуктарына ээ боло албай келатканын белгиледи. "Бул маселени мажбурлоо жолу менен чечүүнгө мүмкүн эмес. Биз бул багытта Өкмөткө, шаар бийликтерине кайрылдык. 2013-жылдан бери бул полигонду жаап, башка жакка көчүрө турган атайын долбоор болгон, тилекке каршы ар кандай себептер менен ал долбоор аткарылбай келет. Бишкек шаар жетекчилиги жана Чүй областынын жетекчилери жер таап ошол жакка таштанды иштете турган заводу менен жаңы таштанды аянтын куруш керек. Ошол иштер баштаалары менен Сиздерге кызыл китептер бериле баштайт"--деди лидер. Аталган конуштун тургундары кызыл китепке ээ болоору менен алардын социалдык маселелери да чечиле баштайт. Жыйында чыгып сүйлөгөн депутат Садык-Шер-Нияз буларды кошумчалады "Кызыл китеби чечилээри менен бул аймакка эмканаларды биринчи иретте куруу керек. Анткени бул конуштун тургундары ушунча жыл антисанитардык абалда жашашып, кыйналышкан."
Андан ары долбоордун кызматкерлери аталган долбоордун планын көрсөтүп, бир жылдын ичинде бул долбоор ишке ашаарын белгилешти жана убада беришти.
Көчмө жыйын андан ары "Дордой-2" конушунда уланды. 432 түтүн жайгашкан бул жаңы конуштун тургундарынын биринде дагы кызыл китеби жок экендиги, жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду.
"...Чоң проблема бар. Бишкекте 6000ге жакын үй мыйзамсыз. Натыйжада алар социалдык-граждандык укуктарына да ээ эмес. Иш жүзүндө алар бар, кагаз жүзүндө жок. Шаардан, Республикадан бюджет бөлүнгөндө силерге окшогон конуштарга каражат бөлүнбөйт. Дордой- 2де дагы ушундай проблема бар. Силердин жаныңарда эле Аламүдүн районуна караштуу аймакта 13 миң адам ушундай абалда жашайт экен. Силер менен кошкондо 16 миң адам үйгө укугу жок абалда жашайт. Келатып көрдүк, жол бойлото ар кандай өндүрүш обьектилери ачылыптыр. Мунун баары адамдар мээнеттенип продукция чыгарып жатат дегенди бидирет. Бул жерге мамлекет элди жумуш менен камсыз кылалбай, экономикалык каатчылыктан улам келип отурукташып калдыңыздар, муну тарыхый жана жүйөөлүү себеп катары караса болот. Дордой базарынын айланасына отурукташып, тапкан акчага өндүрүш ачып отурасыздар, муну жүйөөлүү себептен улам көчүп келүү десек болот." Андан ары лидер ушул сыяктуу конуштардын тургундарын баскынчы атагандар дагы бар экендигин белгилеп, мындай конуштагы турак жайларды легалдаштыруу багытындагы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитеттеринен өткөндүгүн айтып, күз айларында мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин отурумунда каралаарын белгиледи. Аталган мыйзам долбоору "Ата Мекен" фракциясы тарабынан даярдалган.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө жогоруда аталган конуштардын тургундары тийиштүү жетекчилерге суроолорду беришип, зарыл жоопторун алышты.

Көрүүлөрдүн саны : 2398