"Ата Мекен" фракциясы кайрадан "Кумтөр" маселесине кайрылат

02-07-2016 11:43

"Ата Мекен" фракциясы кайрадан "Кумтөр" маселесине кайрылат

Коомчулук жакшы билет, "Ата Мекен" фракциясы Жогорку Кеңештин отурумдарында "Кумтөргө" байланышкан маселелерди кабыргасынан коюп келет. "Кумтөргө" байланышкан бардык маселелерди эң биринчи болуп "Ата Мекен" фракциясы көтөрүп келген. Бул жолу да аталган фракция "Кумтөргө" кайрадан кайрылып отурат.
----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Ата Мекен» парламенттик фракциясы ««Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна коомдук талкууга кайрадан алып чыгат.
«Кумтөр» алтын кени алтындын запасы боюнча дүйнөдө эң ирилеринин бири жана Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгы болуп саналат. Ал деңиз деңгээлинен 3500-4500 бийиктиктеги тоодо, Нарын дарыясынын башаты болгон түбөлүк тоңдукта жайгашкан.
1992-жылдын 4-декабрында Торонтодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин жана «Камеко Корпорейшн» компаниясынын ортосунда түзүлгөн коррупциялык Башкы макулдашууну түзүү жолу менен, кийинчерээк келишимге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, 2003-жылдагы реструктуризация долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын үлүшүнүн төмөндөтүлүшү менен, улуттук байлык толук бойдон чет өлкөлүк фирманын башкаруусуна өткөрүлүп берилген.
Азыркы учурда «Centerra Gold Inc.» («Центерра») Кумтөр 100 % аларга тийиштүү, ал эми Кыргызстан болгону компаниянын 33 % акциясынын ээси деп эсептейт.
Албетте, канадалыктар Кыргызстандын улуттук байлыгына жөн эле ээ болуп калышкан жок. Кубаттуу «канадалык лобби» анын ар кандай сунуштарын ар тараптуу колдогон жана сыйлаган президенттер А.Акаев, К.Бакиевдерге кокусунан эле таасир берип калган жок.
Аны менен бирге, «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана «Кыргыз Ресубликасынын Суу кодексин» бузуу менен, канадалык компания айлана-чөйрөгө түзөлбөс экологиялык зыян, алардын ичинде Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кенди ачуу иштеринин, кен калдыктарынын тектерин ири массада жайгаштырылышынын эсебинен алардын жок болушуна алып келди. «Техногендик» селдердин, муз-таш глетчерлердин көчкүлөрүнүн болуу коркунучтары туулду.
Бош тектердин таштандыларын жайгаштыруу жана турукташтыруу боюнча пландаштырылган долбоорсуз эле алтын кенин өздөштүрүү жүргүзүлүп баштаган, «AMEC Earth & Environmental UK Ltd» эл аралык экспертинин ою боюнча, бул баштапкы практиканын көз карашынан алганда жараксыз болуп эсептелинет.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын бир нече жолку талаптарына карабастан, тоо өндүрүшүнүн мөңгүлөргө тийгизүүчү таасирине байланышкан мөңгүлөрдүн ылдамдоосунун динамикасын жана жылышын, геотехникалык тобокелчиликти аныктооо үчүн болжолдуу иликтөөлөр ушул кезге чейин жок. Кыймылдагы муздун жана борпоң тоо тектеринин жок болушун жүргүзүүгө мүмкүндүк берүү үчүн, геотехникалык туруксуздук жана бош тектердин таштандыларынын көзөмөлгө алынбаган кыймылы (жылмышуусу) бош тектердин жүгүн алып салуу боюнча иштердин токтотулушуна алып келди. Ал өз кезегинде алдын-ала каралбаган миллиондогон АКШ доллары менен саналган чыгымдарга кириптер кылды. Жыйынтыгында, кенге жетүү бир нече жолу улам кийинкиге калтырылып жана фабрикада кенди кайрадан иштеп чыгуу токтотулуп келген.
Техникалык маселелерди форс-мажордук кырдаалдарга чейин келтирүү жолу менен аларды чечүү, антпесе өндүрүштүн токтоп калышын, анын айынан мамлекеттин бюджетине кендин ишинен каражат түшпөй каларын шантаж кылуу жолу менен мамлекеттик органдардын макулдашуусуна/бекемдөөсүнө/уруксатына жетишүү өнөкөтү «Кумтөр Оперетинг Компани» (КОК) операторунун аныктоочу иш стили болуп калды.
Саясый эрктин жоктугу, шантажга (милдентенмеге) берилүү менен КОКтун тиешелүү уруксаттарын камсыз кылган аткаруу бийлигинин коррупциялык байланыштары мүмкүн болгон бардык чектерден ашып өттү.
«Кумтөр» кениндеги кризистик абалдын баштапкы себептери болуп көрсөтүлгөн, дагы башка себептер «КОКтун» компетенттүүлүгүнө, «Центерранын» ак ниеттүүлүгүнө шек жаратуучу олуттуу негиз болуп саналат.
«Ак-Кеме» отелинин айланасындагы мүлк талаш-тартышы боюнча 2012-жылдын 17-августундагы «Sistem Muhendishlik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S.» түрк компаниясынын доосун камсыздоодо «Центеррадагы» «Кыргызалтындын» 11 миллион $ суммадагы акциясы камакка алынган.
2014-жылдын 14-октябрында «Stans Energy Corp.» канадалык тоо кен казуучу компаниясынын талабы менен «Кутессай II» сейрек кездешүүчү металлдар кенинин айланасындагы чарбалык талаш-тартыштар боюнча суммасы 233,1 миллион $ камакка алынган. Бул «Центеррадагы» 60% акциясы 47 миллион акцияга барабар.
Париждеги (Франция) эл аралык арбитраждык сот «Манас Банк» ЖАКунун ээси Валерий Белоконго банктын экспроприацияланышы үчүн 16,5 миллион $ төлөөнү милдеттендирген. Болоконь активдерин камакка өткөрүп берүүдөн мурун кыргыз өкмөтүнөн жооп күтүп жатат.
Бардык соттук териштирүүлөр бүткөндөн кийин «Кыргызалтын» ААКунун «Центеррадагы» акциялары, мындан келип чыккан бардык жыйынтыктары менен кошо камакка алынат.
Кыргызстан толугу менен Кумтөрдү жоготот жана өзүнүн камакта турган активдерине карата кандайдыр-бир чара көрүүдө күчсүз болуп калат.
Азыркы кезде Кыргызстандын канадалык өнөктөшү менен «Центерра» компаниясынын ортосунда эки тарапка тең пайдалуу консенсуска жетишүүгө болгон бардык аракеттер каалагандай жыйынтыктарды бербей жатат. Мындай жол менен, Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоо үчүн, улутташтыруудан башка, көйгөйдү чечүүнүн башка варианттары калбай калганда «Кумтөр» маселеси «Рубиконду» басып өттү.
Мамлекеттин улутташтырууга болгон укугу, анын ичинде өзүнүн табийгый ресурстарын жана байлыктарын өз алдынча тескөө, БУУнун Башкы Ассамблеясынын бир нече резолюцияларында бекемделген.
1. 1952-жылдын 21-декабрындагы №626 «Табийгый ресурстарын жана байлыктарын эркин эксплуатациялоо укугу жөнүндө» БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
2. 1962-жылдын 14-декабрындагы №1803 (XVII) “Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк” БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
3. 1973-жылдын 17-декабрындагы №3171 (XXVIII) “Табийгый ресурстардын үстүнөн туруктуу эгемендүүлүк жөнүндө” БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
4. 1974-жылдын 1-майындагы №3201 (S-VI) “Жаңы эл аралык экономикалык тартипти орнотуу тууралу Декларация жөнүндө” БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
5. 1974-жылдын 12-декабрындагы №3281 (XXIX) “Мамлекеттердин экономикалык укуктарынын жана милдеттеринин хартиясы жөнүндө” БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
1962-жылдын 14-декабрындагы “Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк” БУУнун Башкы Ассамблеясынын №1803 (XVII) Резолюциясында мындай деп айтылат:
“1. Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүккө болгон элдердин жана улуттардын укугу тиешелүү мамлекеттердин улуттук өнүгүшүнүн жана калкынын жыргалчылыгынын кызыкчылыгында ишке ашырылышы керек”.
“4. Улутташтыруу, экспроприация же реквизиция, жарандардын да, чет өлкөлүктөрдүн да жеке жана тийиштүү кызыкчылыктарына караганда маанилүүрөөк деп таанылган коомдук пайданын, коопсуздуктун жана улуттук кызыкчылыктардын түшүнүктөрүнө же себептерине негизделеши керек...”
Көптөгөн мамлекеттер бул укугунан пайдаланышкан. Буга араб өлкөлөрү, Түштүк Американын мамлекеттери өздөрүнүн жаратылыш ресурстарынын аркасында жакырчылыктан чыгып гана тим болбостон, өнүккөн өлкөлөрдөн болуп калышты.
Ошентип, азыркы эл аралык укуктун көз карашынан алганда, өз менчигин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана компаниялардын менчигин улутташтырууну ишке ашыруу эгемен мамлекеттин өзүнүн талашсыз укугу болуп саналат.
1974-жылдын 1-майындагы №3201 (S-VI) БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясында (4-пункттун “е” пунктчасы) бардык мамлекеттерге табийгый байлыктарга тиешелүү тигил же бул мамлекеттин эгемен укуктарын ишке ашырууга жолтоо болуу максатындагы түз же кыйыр аракеттерден өзүн тыюу сунушталат.
Улутташтырууну ишке ашыруу мамлекеттин ички компетенциясына тийиштүү болгондуктан, бир дагы эл аралык орган чет өлкөлүктөрдүн менчигин улутташтыруу боюнча чараларды талкуулай албайт. Улутташтырууну жүргүзүүнүн шарттары эл аралык укук менен эмес, улутташтырууну ишке ашырып жаткан мамлекеттин укугу менен аныкталат.
Бул абал, мисал үчүн, Англис-Иран нефти компаниясын Ирандын улутташтыруусуна байланыштуу (1951-ж.) Улуу Британиянын өкмөтүнүн даттануусун кароого БУУнун Эл аралык соту өзүн компетенттүү эмес деп тапкан чечиминде тастыкталган.
Бирок маселенин мындай коюлушуна баары эле макул эмес.
Аны менен катар, маалымдама-негиздеменин курамдык бөлүгү болуп саналган мыйзам долбоорунун маалымдама-негиздемесинин тиркемеси күбөлөндүргөн алардын дооматтары, эсептери чындыкка дал келбейт.
Көптөгөн Өкмөттүн мүчөлөрү, эксперттер, юристтер, саясатчылар, коомдук ишмерлер «Кумтөр» улутташтырылган жагдайда, ал өзүнүн ишин токтотот, алтын казып алууну Кыргызстандын жарандары өздөрү алып кете алышпайт, Кыргызстан жеңилген соттук доолор болот, анын жыйынтыгында миллиарддаган компенсация төлөйт ж.б.у.с. деп эсептешет.
Соттук доо доолашуулар болгону компенсацияга гана тиешелүү болушу мүмкүн, мындай маселе пайда болгон жагдайда улутташтырган мамлекет жана анын соттору тарабынан ички укукка ылайык жөнгө салынышы керек.
“Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк” БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1962-жылдын 14-декабрындагы №1803 (XVII) Резолюциясында айтылгандай, улутташтыруу болсо:
«4. … өз эгемендүүлүгүн турмушка ашыруу үчүн чараларды кабыл алып жаткан мамлекеттин эрежелерине жана эл аралык укуктарга ылайык ээсине тиешелүү компенсация төлөнүп берилет. Компенсация жөнүндөгү маселе талаш жараткан бардык жагдайларда бул чараларды кабыл алып жаткан мамлекеттин улуттук соттук инстанцияларында аны чечүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылат. Бирок, кызыкдар эгемен өлкөлөрдүн жана кызыкдар жактардын макулдашуусу боюнча талаш-тартыштар арбитраждык тартипте же эл аралык соттук чечимдер менен жөнгө салынышы керек».
Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы бир дагы адам компенсациянын зарылдыгы тууралу маселени четке каккан жок. Мамлекеттердин өзүнүн компенсациянын түрүн жана өлчөмүн аныктоо укугу БУУнун Башкы Ассамблеясынын №3171/1973 Резолюциясында бекемделгендиктен, «төлөп берүүнү» аныктоо бөлөк маселе. 01.06.1972 №59 «Ирак петролеум компаниясын» улутташтыруу жөнүндөгү» Ирак Мыйзамынын 3-беренесинде компаниянын карыздарын (салыктар, операциялар менен байланышкан жергиликтүү карыздар) жана Ирак мамлекетине тиешелүү сумманы кемитүү менен, ага Ирак мамлекети компенсация төлөп берери көрсөтүлгөнүн мисалга алуу ашыктык кылбайт.
Улутташтыруунун оппоненттери компенсациянын ар кандай суммаларын көрсөтүп, алар өлкөнүн жылдык кирешеси менен, келип чыккан бардык терс натыйжалары менен салыштырмалуу 3 млрд АКШ долларын белгилеп жатышат.
Муну менен катар, «КГК» ЖАКунун активинде 100% негизги каражаттардын ээси деп саноого укуктуу эмес экенин эске алуу зарыл. 2003-жылдагы «Кумтөр» долбоору реструктуризацияланганда, «Кыргызалтын» ЖАКуна 66.67% өлчөмүндөгү үлүш тиешелүү болгон, «КГК» ЖАКунун активиндеги негизги каражаттар «Центеррадагы» акцияларга алмашылбаган (конвертирленбеген). «Центерра» компаниясы сатып алуу жолу менен «КГКнин» үлүшүн алган эмес. Демек, «КГКнин» активдеринин негизги каражаттарындагы 66.67% үлүштүн ээси болуп «Кыргызалтын» ЖАК саналат. Натыйжада, компенсациянын өлчөмүн эсептөөдө «КГКдеги» негизги каражаттардын активиндеги тараптардын үлүшү эсепке алынышы керек.
«Центерра» текке кеткен пайда боюнча эсептерин көрсөткөн учурда, кыргыз тарап ага каршы 2003-жылы «Кумтөр» долбоорунун коррупциялык реструктуризацияланышынан келип чыккан Кыргызстандын текке кеткен пайдасы боюнча жана алардын Кумтөрдүн айлана-чөйрөсүнө келтирген зыянына тийиштүү эсепти чыгарып көрсөтүүгө укуктуу.
Мындай жол менен, улутташтыруунун оппоненттери эгерде компенсациянын өлчөмү 1-3 млрд. АКШ долларына барабар деп эсептесе, улутташтыруу «Кумтөр» долбоорундагы өндүрүштү токтотот деп санагандай, алардын өтө сыпайы эмес экендигин көрсөтөт.
Улутташтыруу - долбоорду жоготуу, же токтотуу эмес, болгону ээсинин алмашуусу. Эгер улутташтыргандан кийин канадалыктар кетип калса, Кумтөрдү иштетүү үчүн алтынды казып алууну билген, тажрыйбасы бар башка операторду чакырууга болот. Мындан сырткары, «Кумтөр» долбоорунда он жылдап иштеген кыргызстандык бардык жумушчулар жана инженерлердин көпчүлүгү алтын казып алуу боюнча тажрыйбаларды алышты, менеджмент боюнча практикалык сабактарды өздөштүрүштү, алтын өндүрүүнүн технологиясын үйрөнүштү.
Келечеги.
«Центерра» ар кандай шылтоолор менен экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү созорун билүү кыйынга турбайт. Эгер бүгүн болбосо, эртең, же бүрсүгүнү каалаганын алгандан кийин, «Камеко» долбоордон «кеткен» сыяктуу эле, «Центерра» да долбоордон кетет.
Кыргызстан бүгүн дилемманын астында турат: же ал чечилип, жагдайдын мындан ары тереңдешин алдын алат жана чечкиндүү, олуттуу кадамдарга барат, же баарын мурун кандай болсо, ошондой калтырат жана өз жаратылышын акырына чейин өлтүрүп, адамзаттын мүлкү болгон мөңгүлөрдү, анын кесепетинен бүгүнкү күндө башкы маселелердин бири болуп турган - сууну, бардык экологиялык көйгөйлөрү менен кошо жок кылат. Суу жыкынкы убактарда алтын менен нефтиден да маанилүүрөөк боло баштайт.
Улутташтыруу болгон жагдайда
Башкысы, бул токтоп калуудан чыгуунун жалгыз мүмкүнчүлүгү болушу мүмкүн.
Көптөгөн миллиарддаган карыздан келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүнчүлүгү.
Кыргызстан үчүн татыктуу жашоону баштоонун мүмкүнчүлүгү.
«Кумтөрдүн» алтыны канадалыктарды жана бир ууч коррупционерлерди байытпастан, жалпы кыргыз эли үчүн сакталат жана муундарга калтырылат.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен оң жактуу социалдык позитивдүү эффект күтүлөт жана гендердик, укук коргоо жана коррупциялык натыйжаларды алып келбейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет.

Көрүүлөрдүн саны : 1645