“Ата Мекен” фракциясы ишмердүүлүгү боюнча отчет даярдады

17-10-2019 19:56

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата Мекен” парламенттик фракциясы 2018-2019-жылдагы ишмердиги боюнча кыскача отчет даярдады

Отчет бул чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынын 2018-2019-жылдагы ишмердүүлүгүндөгү башкы жетишкендиктери боюнча кыскача  маалыматтарды камтыган буклеттер түрүндө басып чыгарылды. Бир жыл аралыгында “Ата Мекен” фракциясы жарандардын конституциялык укуктарынын сакталышы, экономикалык өсүш, калктын социалдык абалынын жакшыртуу боюнча маанилүү мыйзамдарды жазды. Фракция лидери тарабынан жаратылышты сактоо жана келечек муунга ууланбаган, таза Кыргызстанды калтыруу максатында уран казууга мароторий киргизүү боюнча мыйзам жазылып, экинчи окуудан өттү.

 

Көрүүлөрдүн саны : 38