«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын көчмө жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

20-09-2018 10:49

Өткөрүлүүчү күнү:           2018-жылдын 22-сентябры

Өткөрүлүүчү убагы:         1000

Өткөрүлүүчү орду:           Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн конференц-залы

 

 

МАСЕЛЕЛЕР:

 

1. Аймактарда агрардык өндүрүштү жана айыл чарбасына насыя берүүнү үзүрлүү өнүктүрүүнүн орчундуу көйгөйлөрү тууралуу (Талас облусунда төө буурчак өндүрүүнүн жана сатуунун мисалында).

Баяндамачылар:           

КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;

КР экономика министрлиги;

КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү;

«Айыл Банк» ААК;

 

Маселени даярдайт:

“Ата Мекен” фракциясынын катчылыгы.

 

2. Жалпы билим берүүчү мекемелердин жаӊы окуу жылына карата даярдыгы тууралуу (облустун мектептердеги муктаждыктар, жаӊы мектептердин курулушу жана алардын каржыланышы, бүтпөгөн курулуштар).

 

Баяндамачылар:           

КР Билим берүү жана илим министрлиги;

КР Финансы министрлиги;

КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттиги;

КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү;

 

Маселени даярдайт:

“Ата Мекен” фракциясынын катчылыгы.

 

3. Ар түрдүү

 

Көрүүлөрдүн саны : 758