Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев жана топтун мүчөлөрү Аманкан Кенжебаев, Тазабек Икрамов, Нурлан Ражабалиев, Мирлан Самыйкожо жана Акбокон Таштанбеков Баткен областынада Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча жеринен кабар алууда.
Азыркы учурда депутаттар Көк-Таш айылында өлкөнү коргоп жаткан аскерлер жана милициянын атайы полку менен жолугуп, мекен сакчыларына Ата Мекенибизди көздүн карегиндей сактап жаткан баатырларыбызга ыраазычылык билдиришти.
Мындан тышкары депутаттар Максат, Достук, Арка, Жаштык жана Кулунду айылдарынан келген жарандар менен Маргун айылында жолугушту. Аталган айылдардын тургундарынын чек арага жана учурдагы абалга байланыштуу орчундуу көйгөйлөрүн угуп, гуманитардык жана каржылык жардам көрсөтүштү.