Бүгүн 2022-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Элдик" депутаттык тобунун депутаттары А.Б.Кенжебаев жана М.К.Сарбагышев, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 1 курстан 5 курска чейинки университеттин алдында түзүлгөн «Жогорку студенттик кеңешинин» студенттери менен жолугушту.
Студенттер менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Кенжебаев Аманкан Батырбекович,
Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү Максатбек Канатбекович Сарбагышев студенттердин ар бир суроолоруна жооп беришти.
Жолугушуунун соңунда Эл өкүлдөрү студенттердин окууларына ийгилик каалап, татыктуу билим алып, мамлекеттин өсүп өнүгүүшүнө салым кошууга чакырышты.