Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин Төрөгасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Ташкенттеги жолугушуулардын алдында “Көз карандысыздык жана гуманизм” монументине гүл койду.  Андан соң Кыргыз тарап Өзбекстандын Олий Мажилисинин Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашев менен көрүштү.

21-12-2017 16:17

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты.

08-12-2017 16:13

Биргелешкен күч-аракеттерден, өз ара түшүнүшүүдөн жана өз ара колдоодон улам жаралган ТүркПА – азырынча түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташтуусунун жалгыз платформасы. Ошондуктан, биз аны сактоо менен ьирге, ар тараптан бекемдешибиз зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ТүркПАнын VII пленардык жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

08-11-2017 16:05

Бүгүн, 4-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушуп, эки тараптуу өнөктөштүк мамилелер, анын ичинде парламенттер аралык, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жаатында пикир алышты.

04-07-2017 15:58

Бүгүн, 28-июнда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Бишкек шаарындагы расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен тар чөйрөдө жолугушту.

28-06-2017 15:53

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушту.

24-05-2017 15:49

КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева жана Аялдар Демократиялык тармактарынын жана Эл аралык Республикалык Институттун өкүлдөрү Монголиядагы иш сапардын алкагында Монголия Улуу мамлекеттик хуралындагы (парламентиндеги) айым депутаттардын тобу менен жолугушту.

06-04-2017 15:45

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊеш делегациясынын Санкт-Петербург шаарындагы иш сапарынын алкагында Россия Ферациясынын И.Е.Репин атындагы сүрөт академиясында СССРдин эл артисти,  белгилүү кыргыз сүрөтчүсү жана актеру Сүймөнкул Чокморовдун бюстун тапшыруу аземи болуп өттү.

25-03-2017 15:39

13-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Пакистан парламентиндеги кыргыз-пакистан достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту.

13-03-2017 15:33

Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев Санкт-Петербуг шаарындагы Таврия сарайында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын бешинчи пленардык жыйынына катышты.

25-11-2016 15:27