Жаңылыктар

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумунун алкагында Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Шукуржон Зухуров менен жолугушту.

23-09-2019 13:27

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусу менен 23-24-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында өтө турган Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумуна катышат.

23-09-2019 07:26

15-октябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясынын Латвия Республикасындагы расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды.

15-09-2019 09:10

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жапониянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамураны Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.

10-09-2019 17:05

Бүгүн, 22-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Сауд Аравия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолугушту.

22-07-2019 12:19

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасына жасаган расмий сапары учурунда Изник шаарындагы Кыргыздар күмбөзүн зыярат кылып, куран окутушту.

17-07-2019 09:31

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын тобу Түркиянын баш калаасы Анкарада «15-июлдун курмандыктарын эскерүүгө" арналган иш-чарага катышты. Түрк парламентинин имаратында өткөн иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн парламент жетекчилери менен депутаттары чакырылган.

15-07-2019 17:03

Жогорку Кеӊештин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров менен депутат Данияр Төлөнов Хамуро шаарынын мэри Наимки Шин баштаган жапон делегациясы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин абалы жана келечеги жаатында пикир алышты.

04-07-2019 11:24

Бүгүн, 24-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Австрия Республикасынын Федералдык Кеңешинин Президенти Инго Аппе менен жолугушту.

24-06-2019 15:59

Бүгүн, 14-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Кытай Эл Республикасынын Кытай коммунисттик партиясынын (ККП) Фанченган шаардык комитетинин катчысы, Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын Фанченган шаардык туруктуу комитетинин директору Ли Яньцян баштаган делегация менен жолугушту.

14-06-2019 18:03