Жаңылыктар

«Бешинчи дүйнөлүк маданий диалог» форуму «Дискриминация, теңсиздик жана зордук-зомбулуктарга каршы диалогду киргизүү» темасына арналды.

04-05-2019 15:37

Бүгүн, 22-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Диаспора жана боордош элдер иштери боюнча башкармалыгынын төрагасынын орун басары Саит Юсуфту кабыл алды.

22-04-2019 14:03

18-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги отурумдарынын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков Казакстандын парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева менен жолугушту.

18-04-2019 20:34

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Санкт-Петербург шаарында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея Кеңешинин жыйынына катышты.

18-04-2019 19:56

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея (КМШ ПАА) Кеӊешинин жыйынына жана 49-пленардык отурумуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) барды.

18-04-2019 09:17

Бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Словак Республикасынын тышкы жана европалык иштер боюнча министри Мирослав Лайчак менен жолугушту.

09-04-2019 17:25

Санкт-Петербург шаарындагы (Орусия) Таврия сарайында Кыргыз ССРинин Министрлер Кеӊешинин төрагасы, көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовдун ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий конференция болуп өттү.

22-03-2019 16:52

Бүгүн, 22-мартта Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясына Кыдыр Байсары уулунун (Кыдыр Аке) эстелик бюстту салтанаттуу түрдө берилди.

22-03-2019 14:28

Жогорку Кеӊештин Кыргызстан-Германия депутаттык достук тобунун мүчөлөрү бүгүн, 11-мартта Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлү Михаэль Зилберт жана Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен баштаган дипломаттар тобу менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Жолугушууга кыргыз тараптан Кыргызстан-Германия депутаттык достук тобунун мүчөлөрү Айнуру Алтыбаева, Сайдулла Нышанов, Умбеталы Кыдыралиев, Жаныбек Бакчиев катышты.

11-03-2019 11:56

Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димрини кабыл алды.

05-03-2019 14:38