"Ата Мекен" фракциясы COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин азайтуу алкагында бюджетке киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү карады

15-05-2020 11:47

Бүгүн, 15-майдагы Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга карата болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, Өкмөттүн COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин азайтуу багытында көрүп жаткан чаралары талкууланды.

Каралып жаткан маселелер боюнча вице-премьер-министр Эркин Асрандиев менен каржы министри Бактыгүл Жеенбаева маалымат берди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2020-жылдын 1-майына карата ички дүң өнүмдүн көлөмү 3,8%га төмөндөгөнүн белгилеп: "Биз экономиканын өнүгүшүнүн пессимисттик, оптимисттик жана орточо варианттагы үч сценарийин карап жатабыз. Акыркы вариантка ылайык биздин божомолубуз боюнча жыл аягына чейин ички дүң өнүмдүн көлөмү 5,3%га төмөндөшү мүмкүн", - деди.   

Андан тышкары, Эркин Асрандиев Өкмөттүн экинчи антикризистик программасында капиталдык мунапыс, кепилдик фондду эки эсе көбөйтүү жана ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн антикризистик фонд түзүү чаралары камтылганына токтолду.  

Талкуу маалында депутат Сайдулла Нышанов Өкмөттү калктын аялуу катмарынын көпчүлүгү алектенген айыл чарба тармагын колдоо чараларын иштеп чыгууга чакырды. Муну менен катар эл өкүлү өнөктөш-донорлордон Кыргызстанга келип жаткан жардамдардын көлөмүнө кызыкты.   

Вице-премьер-министр өлкөгө 243 млн. АКШ доллары келип түшкөнүн, анын 241,6 млн. АКШ доллары Эл аралык валюта фондунан өлкө бюджетин колдоого берилген насыя экенин, ал эми 1,8 млн. АКШ доллары коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн бир катар эл аралык уюмдардан алынганын маалымдады.  

Өз кезегинде депутат Каныбек Иманалиев Өкмөттүн антикризистик планын колдоп, социалдык төлөмдөрдү аткаруу, чек ара маселелерин чечүүгө бөлүнгөн 17 млн. сомду кыскартпоо жана айыл өкмөттөрдү өнүктүрүү үчүн каралган 2 млрд. сому азайтпоо сындуу үч негизги сунушту берди.

"Андан сырткары, Памир кыргыздарына сөзсүз көмөк берилиши шарт" - деди депутат Каныбек Иманалиев.

Ошондой эле депутат Бахадыр Сулейманов бюджеттин чыгашаларын оптималдаштырууга багытталган Өкмөттүн саясатын кайрадан чыгууга чакырып, өтө маанилүү эмес багытта субсидия кылуудан мурун артыкчылыктуу тармактарды колдоо зарылчылыгына токтолду.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2455

Окшош жаңылыктар