Бул тууралуу бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова билдирди. Эскерте кетсек, парламентте Башкы прокурордун 2019-жылга карата мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчету каралууда.
Тендердик тандап алуу шарттары бузулуп жатканын айткан эл өкүлү: “Бул чөйрөдө мыйзам бузуулар өтө көп. Башкы прокуратура ар бир мыйзамдын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөп, катачылыктарды жоюшу керек”, – деди.
Ал эми Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул жаатта 645 текшерүү жүргүзүлүп, 1000ден ашуун мыйзам бузуу аныкталганын маалымдады.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы