Депутат Искандер Гайпкулов: “Укук коргоо органдары Эсеп палатасынын аудиторлору менен өз ара байланышты чыңдашы керек”

21-05-2020 12:40

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Башкы прокурордун 2019-жылга карата мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчетун угууда.

Талкуу маалында депутат Искандер Гайпкулов укук коргоо органдарын Бюджеттик кодекстин ченемдерин сактоого чакырды. “Акыркы убактарда укук коргоо органдары мамлекеттик бюджеттен каржыланган жооптуу кызматтардын кызматкерлерине карата арыздарды кароодо жеке аудитордук компанияларга кайрылууда. Анткени менен Бюджеттик кодекстин аткарылышына Эсеп палатасы гана жооп берет” – деди эл өкүлү.

Мындан тышкары, сот жана укук коргоо органдарынын иш милдеттерин так бөлүп кароо зарылчылыгына токтолгон Искандер Гайпкулов: “Кээ бирде жеке ишканалар ортосундагы талаштар соттор тарабынан чечилет. Буга укук коргоо органдары да кийлигишет. Кээде укук коргоо органдары ишти кароодон баш тартып, сотко жөнөтөт”, – деп кошумчалады.   

Муну менен катар депутат “Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруучу өндүрүш” тууралуу мыйзамдын 129-беренесин ишке ашырууга байланышкан маселени көтөрүп: “Аталган мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ошондой эле “Аткаруучу жыйым жана соттук аткаруучуга сый акы берүү” тууралуу 129-беренеси да кабыл алынгандан бери аткарылбай келет. Каржы министри Бюджеттик кодекске каршы келет деген жүйө менен акча бөлбөй жүрөт. Андыктан маселени чечүү зарыл”, – деди.   

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 760

Окшош жаңылыктар