Депутат Каныбек Иманалиев  Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ыйгарым укуктарын кайрадан карап чыгууга чакырды

21-05-2020 14:45

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Башкы прокурордун 2019-жылга карата мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчетун угууда.

Талкуу маалында депутат Каныбек Иманалиев укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу багытындагы бир катар сунуштарын билдирди. Анын ичинен экономикалык каатчылык учурунда орто жана кичи бизнес ишканаларын текшерүүнү толук токтотуу зарылчылыгын белгиледи.

“Андан тышкары, мыйзамсыз кирешелерди бюджетке кайтаруу боюнча күч түзүмдөрүнүн көрсөткүчтөрүнө көңүл бурсак. Анткени, 10 миңден ашуун киши эмгектенген Ички иштер министрлиги бюджетке 5 млн. сом, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 907 млн. сом, Каржы полициясы 2 млрд. сом бюджетке кайтарган. Тагыраак айтканда, укук коргоо органдары кармалгандардын саны менен эмес, каражаттардын мамлекетке кайтарылган көлөмү менен мактанышы керек”, – деди Каныбек Иманалиев.  

Буга байланыштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына улуттук коопсуздукту камсыздоо маселесине тиешелүү иш милдетин гана  калтырып, калган ыйгарым укуктарын Аскер прокуратурасына жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка берүүнү сунуштады.

Муну менен катар эл өкүлү бюджетке кайтарылган каражаттын 5%ы менен иликтөөчүлөрдү сыйлоо тажрыйбасын жайылтып, пара албай адилет иштөө аркылуу да байыса болорун көрсөтүү керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 657

Окшош жаңылыктар