Айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө») киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча парламенттик угуу өтүүдө

22-05-2020 10:59

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүүдө.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Райымкулов Б.К., Кыдыралиев У.Т., Примов У.Б., Мусабекова Ж.А., Турусбеков Б.С., Маматалиев М.А., Строкова Е.Г., Исмаилова А.Ж.

Демилгечилердин бири депутат Бактыбек Райымкулов алгач парламенттик угуунун бардык катышуучуларын жигердүү катышууга чакырып, мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөргө токтолду.

Алсак, мыйзам долбоорунда гранттык, бюджеттик каражаттардын, андан тышкары кайтырымсыз берилген акчалардын эсебинен ишмердүүлүк жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын каржы булактары жана аларды кайсы багытта жумшашкандыктары тууралуу маалымат бериши керектиги көрсөтүлгөн.

Муну менен катар эл өкүлү мындай чара көпчүлүккө белгилүү эл аралык тажрыйба экенин белгилеп, коммерциялык эмес уюмдардын ишинин ачык-айкындуулугу калктын аларга болгон ишенимин жогорулатарын кошумчалады.

Талкууга бир катар коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2434

Окшош жаңылыктар