Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жогорку Соттун жаңы имараты менен таанышты

18-10-2016
12:15

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Cотунун жаңы имаратына барды. Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имарат менен тааныштырып, мекеменин кызматкерлерине түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

Заманбап техникалар менен жабдылган сот залдарын, иш бөлмөлөрүн жана Жогорку Соттун коомдук кабылдамасын кыдырып чыккан Жогорку Кеңештин Төрагасы түзүлгөн шарттар акыйкат издеп сотко кайрылган Кыргызстандын жарандары жана мекеменин кызматкерлери үчүн кызмат кылсын деген тилегин билдирди.

Андан тышкары, Жогорку Соттон адискөйлүк менен иш алып баруусун өтүнгөн Чыныбай Турсунбеков өлкө жетекчилиги сот бийлигиндеги баардык реформаларды колдоого алууга даяр экендигин белгиледи. Ошондой эле Жогорку Соттун акыйкаттыкты орнотуудагы жана калктын сот органдарына болгон ишенимин арттыруудагы орду чоң экенин айтып, аталган мекемеге Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондунан 100 миң сом көлөмүндөгү акча каражатын тапшырды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы