Чек арага танапташ айыл аймактарынын тургундары такталбаган участокторду тезинен тактоо зарылдыгын көтөрүп чыгууда

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Карамат Орозова Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айыл аймагынын тургундарынын талабы менен тааныштырды. Жергиликтүү эл такталбаган участокторго жайыт катары өзбек жарандары чыгып жаткандыгын айтып, мамлекеттик бийликке бул маселелерди тезинен чечип берүү маселесин коюшкан.

Дал ушундай маселе - Ош облусунун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айыл аймагындагы Көк-Таш участогуна өзбек чек арачыларынын көзөмөлү менен өзбек жарандары жайлоого чыгып жатышкандыгы болду. Жергиликтүү элдин чыр чыгып кетүү эскертүүсүн депутат Улукбек Ормонов көтөрдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар