Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бир катар чет өлкөлөр менен өз ара визалык катташуу жолжоболору жөнөкөйлөштүрүлүүдө

19-10-2016
03:54

Жогорку Кеӊеште бир катар чет өлкөлөр менен өз ара катташуу жолжоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган келишимдерди ратификациялоо демилгелери каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 30-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуу талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

- “Париж шаарында 2016-жылдын 15-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору.

Эгерде жогорудагы келишимдер кабыл алынып калса, Кыргызстандын, Италиянын, Франциянын жарандары виза алуудан бошотулуп, ал өлкөлөрдүн аймагында 90 күнгө чейин визасыз жүрө алат.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 1100 адамга дипломатиялык паспорт берилген.

КР ЖК Басма сөз кызматы