Бир катар мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өтөт

05-06-2020 09:50

2020-жылдын 5-июнунда саат 09:30да Жогорку Кеңеште (Чоң жыйындар залы) Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Бюджет жана финансы боюнча комитети бир катар мыйзам долбоорлорун талкуулаган парламенттик угуу өткөрөт.

Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору:

  1. «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору;
  2. «Ал жеткис күч кырдаалынын учурунда ишкерлик субъектилерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору;
  3. “Кыргыз Республикасынын инвестиция чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
  4. “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору;
  5. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору (салык трибуналы тууралуу);
  6. “Кыргыз Республикасынын электрондук соода чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
  7. “Электрондук соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
  8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
  9. “Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору;
  10. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору (эл аралык медициналык туризм);
  11. «Туризм жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору;
  12. “Дашман массиви” жана “Сары-Челек” жаңгак-жемиш реликт токойлорунун өзгөчө статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Токой кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору;
  13. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору (жергиликтүү авиакомпанияларга жеңилдиктерди берүү тууралуу);
  14.  “Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору.

Сурап-билүү телефон номурлары: 0312 63-89-03, 63-91-19  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3853

Окшош жаңылыктар