Таза аба маселелери боюнча айрым мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

02-06-2020 15:40

Бүгүн, 2-июнда Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары А.Нурбаев, А.Жээнбеков, Ж.Акаев, К.Керезбеков, Н.Каримов, А.Сулайманов, Е.Строкова, А.Касымалиева жана М.Бакиров тарабынан демилгеленген “Таза аба маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  мыйзамдын долбоору каралды.

Жыйында депутат Азамат Арапбаев ушундай эле мыйзам долбоору Өкмөт тарабынан демилгеленип жатканына токтолуп, бириктирип кароону сунуштады.

Демилгечи депутаттардын бири Мирлан Бакиров биринчи окуудан концепциясы жактырылса, экинчи окууда бириктирүү маселесин карай тургандыктарын белгиледи.

Ошондой эле эл өкүлү мыйзам долбоорунун максаты Кыргызстандын ири шаарларында бир катар көрсөткүчтөр боюнча чектүү жол берилүүчү концентрациядан ашып кеткен жана калктын саламаттыгына коркунуч туудурган аба мейкиндигинин булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталгандыгын кошумчалады. “Аба мейкиндигинин булгануу деңгээлинин туруктуу өсүшү келечекте оорулардын көбөйүшүн гана эмес, экономиканын айрым тармактарына, мисалы туризмге экономикалык залал алып келет. Андыктан, мыйзам долбоору аркылуу бизге ташып келинген жана биздин өлкөдө өндүрүлгөн электромобилдерге, электрозаряд станцияларына жана алардын запастык бөлүктөрүнө салык преференцияларын бере турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына айрым ченемдерди киргизүү сунушталууда”, – деди Мирлан Бакиров.  

Талкуу маалында депутат Гүлшат Асылбаева салыктык жеңилдиктердин берилишинин натыйжалуулугу канчалык экенине кызыкты. Өз кезегинде депутат Мирлан Бакиров мыйзамдагы өзгөртүүлөр келечекти эске алуу менен киргизилип жатканын белгиледи.

Ал эми экономика министри Санжар Муканбетов электромобилдерди кубаттандыруучу жабдуулар менен жабдуу жаатында жана бул жаатты өнүктүрүү багытында программа бар экендигин кошумчалады.

Талкуу соңунда аталган мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 471

Окшош жаңылыктар