Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети мамлекеттик сатып алуу багытындагы мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү колдоду

02-06-2020 16:25

Бүгүн, 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети депутаттар М.Маматалиев,Т.Зулпукаров, А.Жээнбеков, С.Келдибиев,Т. Жоробеков, Жуснус уулу Алтынбек,А.Дюшалиев, А.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамга толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун  экинчи окууда карашты.

Бул маселе боюнча баяндама жасаган депутат Марлен Маматалиев долбоордун максаты жөнүндө маалымат берди. Депутаттын  айтымында 10 млрд сомго чейинки карыздардын дээрлик көпчүлүгү, 90 пайызы сырткы компанияларга кетет. "Тагыраагы, башка мамлекеттердин экономикасына жумшалууда. Кеп насыялар жөнүндө болуп жатат. Эми мындан ары ошолордун баарын өзүбүздүн экономикага алып калганга аракет кылалы. Чет элдик  компаниялар тендерге катышпасын дебейбиз, катышат. Бирок, биздин ата мекендик компаниялар менен биргелешкен ишкана же консорсиум түзүп койсун деп атабыз", – деди Марлен Маматалиев.

Депутат мыйзам долбооруна бир топ жакшы сунуштар түшкөнүн, алардын баары эске алынганын, талкуу учурунда болгон анча -мынча түшүнбөстүктөр жоюлганын белгиледи.

Талкуу соңунда комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун экинчи окуудан колдошту.

Мындан тышкары, тармактык комитетте М.Аманкулов, Д.Бекешов, Жунус уулу Алтынбек, М.Мавлянова, А.Эргешов, К.Баймуратов, Р.Момбеков, Т.Конушбаев, К.Жумалиев, М.Жээнчороев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Респубилкасынын турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карады.

Бул маселе боюнча баяндама жасаган депутат Марат Аманкуловдун айтымында, мыйзам долбооруна депутаттар тарабынан үч сунуш келип түшкөн. Комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров мыйзам долбоорун кароо учурунда депутат Мирлан Жеенчороев 20 жылдык мөөнөттү 10 жыл деп алмаштырууну сунуштаганын айтып, демилгечилер бул пикирди эске алган - албаганына кызыкты.

Баяндамачы Мирлан Жеенчороев 20 жылдык мөөнөттү он жылга кыскартууну, бирок, саясий кызматты ээлебеген кишилер (мисалы, депутаттар) деген сөздү кошууну сунуштаганын билдирип, бул демилгени колдоого чакырды.

Талкуунун жыйынтыгында Комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун экинчи окуудан колдошту.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 472

Окшош жаңылыктар