“Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрүлөт

11-06-2020 09:29

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечиминин негизинде 2020-жылдын 12-июнунда (Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залында, саат 10:00дө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Алтыбаева, Н.Алимбеков жана М.Бакиров тарабынан демилгеленген “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрүлөт.

Парламенттик угууга катышуу жана уюштуруу маселелери боюнча (0312) 63-87-90, 63-92-57 телефон номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз.

Аталган мыйзам долбоорунун материалдарынын электрондук варианттары менен Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы төмөнкү шилтеме менен таанышсаңыздар болот: http://kenesh.kg/ru/draftlaw/548508/show

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин бөлүмү

Көрүүлөрдүн саны : 6089

Окшош жаңылыктар