Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

03-06-2020 11:28

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Демилгечи депутат Сайдулла Нышанов белгилегендей, аталган мыйзам долбоору редакциялык мүнөзгө гана ээ. Эл өкүлү түшүндүргөндөй, азыркы колдонуудагы Жер кодексинде "башка жерлер" деген термин жок. Бирок башка укуктук - ченемдик актыларда, Өкмөттүн тескемелеринде аталган термин кеңири колдонулат.  

"Ага ылайык, жер мыйзамдарынын ченемдерин "жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 1 - беренесине ылайык келтирүү сунушталууда",  -  деди Сайдулла Нышанов.

Талкуу маалында депутаттар аймактардагы жерлерди трансформациялоо маселесине токтолушту. Ошондой эле "башка жерлер" категориясына кирген жерлердин аянтына жана жерлерди инвентаризациялоодон өткөрүүдө аларды картада тактоо маселелерине байланышкан суроолорду беришти. Өкмөт өкүлдөрү белгилегендей, "башка жерлер" категориясына 6 млн. гектар жер кирет.

Соңунда мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 430

Окшош жаңылыктар