Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

03-06-2020 19:59

Бүгүн, 3 - июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында майнинге салык салууну киргизүү максатында иштелип чыккан. Ал мамлекеттик бюджеттин кирешелерин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле Кыргызстандагы салык салуунун адилеттүүлүк принцибине көмөк көрсөтөт.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Кыргыз Республикасынын  Салык кодексинин «Атайын салык режимдери» XV бөлүмү 60-глава «Майнингге салык» менен толуктоо.

- «виртуалдык актив» жана «майнинг» терминдеринин маанисин аныктоо;

- майнингде колдонулган электр энергиясына төлөө боюнча салык төлөөчүнүн чыгымдары, КНС менен сатууга салыкты кошо эсептегенде, салык салуунун базасын аныктоо.

Талкуу маалында депутат Аалы Карашев үстүбүздөгү жылга карата республикадагы электр муктаждыгынын жана иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмүнө тиешелүү маселелерди көтөрдү. Ал эми депутат Наталья Никитенко майнинг үчүн ири көлөмдөгү электр энергиясы керектигин белгиледи.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1362

Окшош жаңылыктар