Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Өлкөдөгү эпизоотиялык жагдай боюнча ЕАЭБга кошулуудагы милдеттенмелердин аткарылышы тууралуу маалымат угулду

19-10-2016
11:53

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында республикадагы эпизоотиялык жагдайдын абалы, ЕАЭБга кошулуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов өлкөдөгү ветеринариялык жана эпизоотиялык жагдай боюнча кеңири маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы ветеринардык тармактын абалы боюнча Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) адистери келип, жалпы эпизоотиялык абалдын туруксуздугу, эпизоотиялык аймакташтыруу, мониторинг системасынын жоктугу, ветеринардык лабораториялардын эл аралык стандартка жооп бербестиги, чекара ветеринардык постордун кызматынын талапка жооп бербестиги, ветеринардык сертификаттарды электрондук кѳзѳмѳлдѳѳ системасынын жоктугу боюнча дооматтарды коюп кеткен.

Бүгүнкү күндө жеке ветерианрларга көбүрөөк басым жасалууда. Аларды бүгүнкү күндөгү ветаринардык иштерге тартууга кызыктырып, расмий ветеринар деп атап, алардын ар биринин территориясы аныкталып берилип жатат. Ошону менен катар ЕАЭБ тарабынан коюлган дооматтардын ар бирине өзүнчө иштер жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө негизинен иштер бүткөрүлгөн. Республикада баардыгы 3500 ветеринар иштеп жатат.

Быйыл малдын 22 жугуштуу ыландын ичинен 9 ыланга каршы мамлекеттик бюджеттен каржылоо биричи жолу 131 миллдион сом каралып, каржыланууда. Мындан 4-5 жыл мурун малдан жуккан бруцеллез ылаңы боюнча Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн алдыңкы орунга чыкса, бүгүнкү күндө колдонулган REV-1 вакцинасы эффективдүүлүгүн көрсөтүп, мал арасында бруцеллез ылаңынын кыскарышы жана анын малдан адамга жугуусу кескин азайган. Азыркы тапта республикада эпизоотиялык кырдаал туруктуу.

Депутаттардын суроосу боюнча А.Жусупов малдын башын идентификациялоо боюнча дагы учкай маалымат берди. Учурда Кыргызстан аймагындагы мал жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө жеткирүүчү электрондук системанын үстүндө иштер жүргүзүлүп жатат. 5 айдын ичинде айыл өкмөттөрүнө компьютер, нотбук, смартфондор жеткирилип, серверге туташтырууга даяр турат. Бүгүнкү күндө 40 миллионго уйларга бирка сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп жыйынтыгы чыга элек. Тендерге 20 компания катышкан. Тендер бүтүп, биркалар сатылып алынгандан кийин айыл өкмөттөргө өткөрүлүп берилет. Ушу тапта бир уйга бирка 40 сомдон, аны тагуу кызматы 20 сомдон болуп, жалпысы 60 сомго бирка басуу пландаштырылууда. Малдын башын идентификациялоо Ысык-Ата, Кара-Буура жана Ноокат райондорунда пилоттук долбоор катары башталат. Бүгүнкү күндө жалпы эпизоотиялык абалды турукташтуу.

Жыйын жүрүшүндө депутат Зиядин Жамалдинов малдын кулагына тагылуучу биркаларды сатып алуунун ордуна аны жасай турган ишкана куруу жагына көңүл бурууга чакырды. Чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга миңдеген тонна эт киргендигин тактаган эл өкүлдөрү сырттан ар кандай өнүмдөр ээн-эркин кирип жаткандыгын, ал эми биздин айыл чарба өнүмдөрү сыртка эркин чыга албай жаткандыгын сынга алышты. Бир катар депутаттар Өкмөттү айыл чарбасынын мал чарбачылыгына приоритет берүүгө чакырды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзам долбоору 2012-жылы кабыл алынып, бүгүнкү күндө дээрлик баардык малдын башы идентификацияланып бүтмөк, бирок тилекке каршы ар кандай себептер менен создугуп келүүдө. Демек, идентификация жөнүндө мыйзам аткарылган жок. Маселенин баары тендерик комиссияда болуп жатат деген М.Бакиров бирка сатып алуу боюнча 2-тендердик комиссия өткөргөн тендерде “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптары сакталбай, процедуралар бузулгандыгын, ага баа берилиши керектигин белгиледи. Ошондой эле 3-тендерге катышкан компаниялардан дагы арыз каттар келип жаткандыгын, анда сапатсыз бирка сунуштаган компания жөнүндө даттануулар бар экенин кошумчалады.

Республикадагы эпизоотиялык жагдайдын абалы, ЕАЭБга кошулуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө Өкмөттүн маалыматы боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорунда идентификация жөнүндө мыйзамдын аткарылбай жатканы белгиленген. Долборду талкуулоодо депутат Мирлан Бакиров Өкмөт мыйзамдын аткарылышы боюнча мөөнөт белгилениши керектигин айтты. Бир катар депутаттар тиешелүү мыйзамдын аткарылбагандыгына жана айыл чарба өнүмдөрүнүн ээн-эркин чет өлкөлөргө сатылбай жатканына күнөөлүү жооптуу кызматкерлерге баа берүү сындуу пикирлер айтылды. Ошондой эле 2017-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүүдө айыл чарба тармагын приориеттүү тармак кылып, ага зарыл болгон каражаттарды бөлүү керектиги белгиленди.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлердин негизинде тиешелүү токтом долбооруна кийинки жыйында добуш берүү чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы