КР Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Райымкулов бүгүн, 20-октябрда «Парламент» радиосунун түз эфиринде болуп, угармандардын суроолоруна жооп берет.
Түз эфирде “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланат.
Түз эфирдин башталышы – 11.00.
Угармандар өздөрүн кызыктырган суроолоруна (0312) 63-85-90 телефону аркылуу жооп ала алышат.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы