Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЕАЭБ алкагында электр энергетикалык рынокту түзүүгө багытталган келишим талкууланды

25-06-2020
15:20

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү боюнча) ратификациялоо жөнүндө" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. 

Бирлик жөнүндө келишимдин XX «Энергетика» бөлүмүнө өзгөртүү киргизүүсү, тараптардын Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимди Бирлик жөнүндө келишимдин тиркемеси түрүндө түзүү тууралуу чечими, ошондой эле электр энергетика чөйрөсүндөгү табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөргө мүмкүндүк алуу бирдиктүү эрежелерди Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеши менен бекитиле турган акт түрүндө кабыл алынуусу менен шартталган.

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ошондой эле экинчи жана үчүнчү окууда “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” жана “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Армения Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзамдардын долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы