Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЕАЭБдин бажы аймагына тышылып келинген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндөгү макулдашуу каралды

25-06-2020
15:57

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 25-июндагы жыйынында  депутаттар “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты.  

Макулдашуу  улуттук байкоого алуу системасындагы  байкоого алынууга тийиш болгон товарлар жана мүчө өлкөлөрдүн жарандырынын ортосунда  ишке ашырылчу  товардык операциялардын  айлануусуна байланыштуу  маалыматтар менен бөлүшүүнү карайт. Келишим бажы жана салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун ар кандай схемаларын пайдаланууга жол бербөөгө, бир мамлекеттин аймагынан экинчи өлкөнүн аймагына жылган учурда товарлардын айлануусунун мыйзамдуулугун  тастыктоого, ошондой эле товарлардын айлануусуна байланыштуу  операцияларга  көзөмөлдү камсыздоого багытталган.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы